Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:03

Нетанияху Ирандын убадаларына ишенбөөгө чакырды


Давосто өтүп жаткан дүйнөлүк экономикалык форумда сөз сүйлөгөн Израил өкмөт башчысы Бинямин Нетанияху Ирандын ядролук программасы боюнча билдирүүлөрүнө ишенич жок экенин дүйнө жүзүнө эскертти. Иран президенти Хасан Роухани Давосто сүйлөгөн сөзүндө Тегеран жана алты ири мамлекет жетишкен келишимдерди аткарууга Иран даярдыгын билдирген. Өз кезегинде Нетанияху санкцияларды алып салуу үчүн Иран ар кандай убадаларды берип жатканын, Ирандын ядролук программасы Израилди эле эмес, араб өлкөлөрүн да тынчсыздандырып жатканын белгилеген. Иран ядролук прогарммасы тынчтык багытта экенин билдирип келатат. (AiT)

XS
SM
MD
LG