Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:08

Асанов: Чек арада жок кылынгандар баштыгына кепин ала жүргөн


Кыргыз-кытай чек арасында жок кылынгандардын баарынын баштыктарында кепиндери бар экен. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Ысык-Көл аңчылар бирикмесинин мүчөсү Акжолтой Асанов айтып берди. Ал ошондой эле бул кишилер Кытайдан келген уйгурлар экенин, жанынан бычак, зым кескен балта, аркан, маска, куран китеби жана жайнамаздар табылганын билдирди.

Кечээ Ысык-Көл облусунда кыргыз-кытай чек арасында 11 кишиден турган белгисиз топ кыргыз күч кызматтары тарабынан жок кылынган болчу. Окуяга байланыштуу кыргыз Тышкы иштер министрлиги кечээ Бишкектеги кытай элчилигинин өкүлдөрү менен сүйлөшүү жүргүзгөн. Бирок ал кишилер ким экени азырынча кыргыз тараптан да, кытай тараптан да расмий аныкталып айтыла элек. (BkA/RK)

XS
SM
MD
LG