Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:14

Аба ырайы


Чукул эскертүү:

26-29-январда жаап өткөн жана күтүлүп жаткан карга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда: Бишкек-Ош (121-137-км., 198-265-км.), Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу (45-90-км., 145-150-км.), Каракол-Эңилчек (45-90-км.), Ала-Бука-Каныш-Кыя (62-100-км.) унаа жолдорунда кар көчкү коркунучу сакталат, кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тоңголок, тайгак болот. Кар көчкү жүрүүчү аймактардагы жолдордо унаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталышы зарыл.

Аба ырайы:

26-январда түнкүсүн айрым жерлерде кар жаайт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында кээ бир райондордо туман түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн -1...-6, түндүк тарабында 3...8,
Таласта түнкүсүн -1...-6, күндүз 2...7,
Баткенде түнкүсүн 0...-5, күндүз 3...8,
Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн 0...-5, күндүз 3...8,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -1...-6, күндүз 0...5,
Нарында түнкүсүн -10...-15, күндүз -1...-6,
Бийик тоолордо түнкүсүн -15...-20, күндүз -7...-12 градус болот.

Бишкекте түнкүсүн кар жаайт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Абанын температурасы түнкүсүн -1…-3, күндүз 5...7 градус жылуу болушу күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG