Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:09

Акыйкатчы ИИМден кыйноолор токтотулуусун талап кылды


Акыйкатчы Бакыт Аманбаев ички иштер министри Абдылда Суранчиевге кайрылып, күч органдары тарабынан кыйноолорго жол берилбесин деп эскертти. Кайрылууда белгиленгендей, акыркы жылдары Башкы прокуратура тарабынан кыйноо фактысы боюнча күч кызматкерлерине козголгон кылмыш иштеринин саны 1,5 эсеге көбөйгөн. 2013-жылы кыйноо фактысы боюнча келип түшкөн 208 арыздын негизинде козголгон 11 кылмыш иши милиция кызматкерлеринин үстүнөн козголгон.

Акыйкатчы күч кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү деп кармалгандар да кыйноого учурап жатканын белгилеп, милиция кызматкерлерин ишке алууда алардын моралдык-адистик сапаттарына да көңүл бурууга чакырган. Өзгөчө оперативдүү-издөө, тергөө кызматынын кызматкерлерин кайра даярдыктан өткөрүү маселесин карап чыгууну сунуштаган.

Өткөн жылы БУУнун Кыйноолорго каршы комитетинин мүчөлөрү кыргыз бийлиги зордук-зомбулукту азайтуу үчүн мыйзамдарын жакшыртып жатканы менен, абал оң жакка өзгөрбөгөнүн белгилешкен.(ZKo)

XS
SM
MD
LG