Женевада бүгүн Сирия оппозициясынын жана президент Башар Асаддын өкмөтүнүн өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр уланары күтүлүүдө. Кечээ тараптар үч жыл бою уланып келе жаткан кандуу кагылыштардан бери биринчи жолу беттешти.
Эл аралык ортомчу Лахдар Брахими диалогду «жакшы башталыш» деп баалады. Анын билдиришинче, сүйлөшүүлөрдүн өзөгүн гуманитардык маселелер түздү. Брахими сүйлөшүүлөр уланаарына ишенет.
Бүгүн биринчи макулдашуу жетишилет деп күтүлүүдө. Ага ылайык азык-түлүк жүктөлгөн унаалар Хомс шаарына кире алат.
Лахдар Брахими жакынкы жумаларда сүйлөшүүлөрдүн уланышы боюна аракеттенерин билдирди. Ал ошондой эле 2012-жылы коюлган максаттарга жетүү керектигин белгиледи. Бул - бардык тараптарды ынандырган өткөөл мезгилдеги бийлик органын түзүү. (AiK)