Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:14

Ошто жылуулук эскертүүсүз өчүрүлө баштады


Ош шаарында кабаттуу үйлөрдө жылуулук эскертүүсүз өчүрүлүп жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” калаа тургундары кабарлашты. Маалыматка ылайык, Кулатов жана Курманжан Датка кичи райондорундагы үйлөргө берилген жылуулук өткөн жумадан бери күндүз иштебей жатат. Айрым учурларда кечинде да берилбей калууда. Тийиштүү кызмат жагдайдын себебин азырынча түшүндүрө элек.

Калаада көп кабаттуу 438 үй бар. Анын жүздөн ашууну жашоочулардын каалоосу менен жылуулуктан ажыратылган. Тургундар үйдү жылытуу үчүн электр плитасын жана көмүр, отун менен кызыган мештерди колдонуп келишет. (SE)

XS
SM
MD
LG