Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:15

"Замандаштын" жетекчиси Азамат Алтай медалы менен сыйланды


Азамат Алтай атындагы эл аралык коомдук фонд "Замандаш" ассоциациясынын жетекчиси Эмил Өмүракуновду эстелик медалы менен сыйлады. Бул сыйлык Өмүракуновдун чет өлкөдөгү кыргыздардын диаспораларын жана маданий борборлорун уюштуруп, колдоого алгандыгы, демократияга кошкон салымы үчүн ыйгарылды. Эстелик медалды бүгүн фонддун президенти Тойчубек Турганбаев тапшырды.

Мындай эстелик медалдары менен "Азаттык" радиосунун 60 жылдык мааракесине карата былтыр бир катар ардагер коомдук ишмерлер сыйланган.(KMa/RK)

XS
SM
MD
LG