Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:33

Сирия боюнча сүйлөшүү токтоп калды


Сирия өкмөтү жана оппозиция өкүлдөрүнүн Женевадагы сүйлөшүүсү тараптардын бир пикирге келе албагандыгынан улам токтоп калды. Сирия улуттук коалициясы 28-январдагы бешимден кийинки сүйлөшүү болбой калганын билдирди.

Оппозиция жана өкмөттүк делегация ортосунда президент Башар Асаддын бийликте калуусу жана өткөөл өкмөткө бийликти берүү боюнча бешинчи күн өтүп жаткан сүйлөшүүдө мунаса жок. Жекшемби күнү тараптар эки жылдан бери камоодогу Хомс шаарынан аялдар менен балдарды чыгарууну сүйлөшкөн. Бирок сүйлөшүүнүн арачысы, БУУ менен Араб Лигасынын атайын чабарманы Лахдар Брахими коопсуздук маселесинен улам аялдар жана балдарды Хомстан чыгаруу создугуп жатканын 28-январда билдирди. Женева сүйлөшүүсү 29-январда улантылат деп болжолдонууда.

БУУнун эсебине караганда, үч жылдан бери Сирияда жүрүп жаткан согушта 130 миңден ашуун адам өлдү. 9,3 миллион адам там-жайын таштап, бозгун болуп жүрөт. Алардын 2,8 миллиону Сириядан тыш өлкөлөргө чыгып кеткен.

XS
SM
MD
LG