Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:34

Янукович сыркоолоп, жумушка чыкпай калды


Украин президентинин маалымат кызматы өлкө башчысы сасык тумоолоп калгандыгы үчүн бүгүн жумушка чыга албай калганын жарыялады.

29-январда кечинде болсо Украинанын парламенти узакка созулган талкуулардан кийин нааразылык акциясында кармалгандарга мунапыс жарыялоо боюнча мыйзам долбоорду жактырган.

Башкаруу партиясынын депутаты Юрий Мирошниченко тарабынан сунушталган долбоор үчүн жалпысынан 232 депутат добуш берди. Мыйзам добоордун өтүшү үчүн 226 добуш керек эле. Башкаруучу "Региондор" партиясынан 189 депутат, 32 коммунист жана эч кандай фракцияда мүчөлүгү жок 11 депутат колдошту. Добуш берүүгө чейин парламентке президент Виктор Янукович келген.

Парламенттеги оппозициялык «Батькивщина», «УДАР» («Сокку») жана «Свобода» («Азаттык») фракциялары аталган мыйзам долбоордун кабыл алынышына караманча каршы чыгышты. Мыйзам долбоордо мунапыс жарыялоо үчүн шарт коюлган – бул басып алынган административдик имараттарды бошотуу. Оор кылмыштарды жасаган адамдарга да мунапыс берилбейт. (AiK)

XS
SM
MD
LG