Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:40

Нарын: Үч жашар баланы зордуктады деп шектелген киши камалды


Нарында үч жашар баланы зордуктаган деп шектелген киши камалды. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" шаардык милициянын башчысы Мадланбек Турпанбаев билдирди. Анын айтымында, Нарындын тургуну, баланын энеси "31-декабарда мен үйдө жок кезде өгөй атасы баламды зордуктаган” деп милицияга 8-январда арызданган.

Арыз боюнча кылмыш иш козголуп, шектүү катары баланын энесинин расмий никеси жок жашаган күйөөсү камакка алынды. Учурда тергөө жүрүп жатат. (TSh/RK)

XS
SM
MD
LG