Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:09

Чаткалда милиция жаштар боюнча ишин күчөтүүдө


Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда мектеп окуучулары үчүн ар аптанын ишемби күндөрү спорттук оюндар жана тегерек үстөл талкуусу, жолугушуулар уюштурулат. Мындай чечим жергиликтүү ички иштер жана райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн демилгеси менен кечээ эки мектепте окуучулар, ата-энелер, молдо-имамдар, коомчулук өкүлдөрү катышкан жыйында кабыл алынды. Жыйында балдарга тартип бузбоо, ага жоопкерчилик, кылмыштын алдын алуу боюнча чаралар түшүндүрүлдү. Чаткал - Кыргызстандын эң четки, тоолуу райондорунун бири. Жалал-Абад облусунда былтыр 21 бала өз өмүрүн кыйган. (YA)

XS
SM
MD
LG