Украинадагы нааразылыктын катышуучулары Киевдеги маанилүү өкмөттүк имараттарды, анын ичинде шаар бийлигинин кеңсесин ээлеп алышты. Эки айдан бери нааразылыктын бешиги болгон Майданда чатырлар тигилип, баррикадалар турат. Аянтты байырлагандар аязга туруштук берип, тамак-аш жасап, ара-чолодо шахмат ойношот.