Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:31

Бишкек – Хожент авиарейсин калыбына келтирүү каралууда


Хожент эл аралык аба майданы, Согди областы, Тажикстан, 24-май 2013-ж.
Хожент эл аралык аба майданы, Согди областы, Тажикстан, 24-май 2013-ж.
Кыргызстандын байтактысын жана коңшу Тажикстандын Согди облусунун борборун бириктирген аба каттамды эки жылдан соң кайра калыбына келтирүү каралып жатат. Бул тууралуу "Азаттыкка" "Эйр Кыргызстан" авиакомпаниясынын Өнүгүү жана технологиялар департаментинин жетекчиси Кайрат Итибаев кабарлады.

Бишкек – Хожент багытына калаадагы "Дордой" дүң базарынан товар ташыган тажик ишкерлери тарабынан талап чоң.

Итибаевдин айтымында, аталган авиаишкана чакан самолёттуу болгондо Бишкек – Хожент аба каттамы жанданат. "Эйр Кыргызстан" эки жыл мурун өлкөдө АН–24 учактарына тыюу салынганда Лейлекке авиарейстер токтотулганда, Бишкек – Хожент каттамын аптасына бир жолу Боинг–737-400 учагы менен аткарып турган.

Былтыр жайында мурдагы Ленинабад шаарына "Скай Бишкек" каттам ачкан, бирок ал ишке ашкан эмес. "Манас" эл аралык аэропортунуна ылайык, кышкы жадыбалга "Тажик Эйрдин" апталык Бишкек – Хожент рейси кирген. Ал каттам ишке аша элек.

Учурда Бишкектен тажик борбору Душанбеге жумасына төрт жолу учак каттайт. Андан тышкары, "Ист Эйрдин" Коргон-Төбөдөн жана Кулябдан күнүмдүк транзиттик рейстери каттап турат. (BAz)

XS
SM
MD
LG