Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:36

ӨКМ чукул жыйын өткөрдү


Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов бүгүн министрликтин борбордук аппаратынын жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, облустук башкармалыктарынын башчылары менен жыйын өткөрдү. Анда аба ырайынын кескин өзгөргөнүнө байланыштуу республиканын аймагында түзүлгөн акыркы абал талкууланды.

Кечээтен бери Кыргызстанда кар катуу жаап жатат. Соңку маалымат боюнча, Токтогул районунда Бишкек – Ош унаа жолунун Чычкан капчыгайындагы участогунда бийиктиги 35 метр, узуну 350 метрлик кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабык турат. Чаткалдагы Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка жана Красная Горка – Ак-Таш унаа жолдорунда түрдүү кырсыктардын алдын алуу максатында кыймыл таңкы саат 06:00дөн 10:00гө чейин гана ачык болууда. Тогуз-Тородогу Казарман – Актал-Чат унаа жолу 2-февралга чейин жабылды. Ал эми Оштун Кара-Кулжа районундагы Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунда саат 18:00дөн саат 08:00 чейин жол кыймылына чектөө киргизилди.

Мурдагы күнү Аксыда беш киши кар көчкү астында калып каза тапты. Токтогулда бир короо койду кар басып калды. (RK)

XS
SM
MD
LG