Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:18

Бишкек-Ош жолу бир багытка ачылды


Тазаланып жаткан Бишкек-Ош жолу. 1-февраль, 2014-жыл
Тазаланып жаткан Бишкек-Ош жолу. 1-февраль, 2014-жыл
Кар көчкүдөн жабылып калган Бишкек-Ош жолу бир багытка гана ачылды. Жол бир машине бата турган кеңдикте ачылып, унаалар өткөрүлө баштады. Бул тууралуу “Азаттыкка” Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Абдишарип Бекилов билдирди. Жолду кеңейтүү иштери жүрүп жатат.

Өлкөнүн эки аймагын бириктерген жол 31-январь күнү эртең менен кар көчкүдөн улам жабылган. Токтогул районунун аймагында көлөмү 1 миллион куб метр кар түшкөн. Тазалоо иштерин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери жүргүзүүдө.

Жолдогу айдоочуларга жана куткаруучуларга чатыр тигилип, ысык тамак уюштурулган. Медициналык жардам берүү үчүн дарыгер да бөлүнгөн. (SE)

XS
SM
MD
LG