Бул тууралуу энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев "Азаттыктагы" таңкы маекте билдирди. Анын айтымында, электр энергиясын керектөө кескин өсүп, энергетика жабдууларына күч келип жатканына карабай электр энергиясын берүү чектелбейт. Азыркы кезде энергетиктер ар бир подстанция, ири энергетикалык түйүндөрдүн техникалык абалын көзөмөлдөп, алардын үзгүлтүксүз ишин камсыздоодо.
Улуттук электр станциялар акционердик коомунун маалымдоосуна караганда, жабдууларга күч келиши менен Кыргызстандын түндүк регионунда электр энергиясынын жалпы өчүп калуу коркунучу күч алууда. (AiT)
Улуттук электр станциялар акционердик коомунун маалымдоосуна караганда, жабдууларга күч келиши менен Кыргызстандын түндүк регионунда электр энергиясынын жалпы өчүп калуу коркунучу күч алууда. (AiT)