Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:04

Ооган президенти талиптер менен жашыруун сүйлөшкөнү маалымдалды


Президент Хамид Карзайдын маалымат кызматы тынчтык келишимге жетишүү максатында президент талиптер менен жашыруун сүйлөшкөнүн тастыктады. Маалымат катчы Аймал Файзинин “Нью-Йорк таймс” гезитине билдирүүсүнө караганда, октябрь айында талиптердин демилгеси менен башталган жашыруун байланыш азыркы кезде да уланып жатат. Бирок талиптердин маалымат катчысы Забибулла Мужахид ал маалыматты четке какты.

“Нью-Йорк таймстын” жазуусуна караганда, расмий Кабул жүргүзүп жаткан жашыруун байланышка АКШ же Батыштын башка өлкөлөрү аралашкан эмес. Хамид Карзай Вашингтон менен Коопсуздук келишимин түзүүгө барбай жатат. Мындай шартта АКШ быйыл бардык аскерлерин чыгарып кетерин билдирүүдө. (AiT)

XS
SM
MD
LG