Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:37

Пакистанда жардыруудан тогуз киши мүрт кетти


Пакистан полициясынын маалымдоосуна караганда, жанкечтинин бомба жардыруусунан тогуз киши мурт кетип, 40тан ашууну жарадар болду. Жардыруу шииттерге таандык мейманканага жакын жерде болгон. Жанкечти намаздан чыгып келаткан адамдарга жакындап келип, өзүн жардырып жиберген.

Бул террордук чабуул үчүн азырынча эч ким өзүнө жоопкерчилик ала элек. Пакистандык талиптер жардырууга тиешеси жок экенин билдирди. Пакистан өкмөтү менен талиптер тынчтык боюнча сүйлөшүүлөрдү шейшемби күнү Исламабадда баштоого киришип жатышкан. Бирок сүйлөшүүлөр токтотулду. (AiT)

XS
SM
MD
LG