Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:11

Пакистанда бомба чабуулу 8 адамдын өмүрүн алды


40тан ашык адам жарадар болду. Жанкечти бомбаны мечитке туташ жайгашкан мейманкананын босогосунда жардырганын Пешавар шаардык полициясы билдирди. Атын атабаган күбөлөрдүн бири: "Жардыруу болгон учурда мен уулум жана жээним менен ресторанда тамак жеп отурганбыз. Мен арт жагымда отурган адамдар өлдү. Жээним да өлдү, кенже уулум жарадар болду”,- деди.

Пакистан талиптери жардырууга тиешеси жок экенин билдирди.

Бомба чабуулу Пакистан өкмөтү менен талиптердин тынчтык сүйлөшүүсү артка жылдырылгандан бир нече сааттан кийин болду. Жакында эки жак тең тынчтык сүйлөшүүсүнө өз өкүлдөрүн дайындаган. Сүйлөшүү кечээ башталмак. Бирок өкмөттүк делегация ага келген жок жана кийинчерээк Пакистан талиптерин сүйлөшүүгө катышчу адамдарынын тизмесин берген жок деп күнөөлөдү.

XS
SM
MD
LG