Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:39

Дэвид Бекхэм жаңы команда түзөт


Англиянын футбол боюнча курама командасынын мурдагы мүчөсү Дэвид Бекхэм жаңы команда түзөөрүн жарыялады. Майамиде түзүлө турган топ Түндүк Америкалык MLS футбол лигасында ойномокчу. Бекхэм алгач Майамиде мыкты стадион куруу керектигин айтып, жаңы топко дүйнөгө атагы чыккан спортчулар кирээрин билдирди.

20 жылдык карьерасында Бэкхем 19 трофей жеңген – 10 жолу Премьер Лиганын чемпиону болгон жана 4 башка өлкөнүн биринчилигин жеңген англиялык жападан жалгыз футболист. Ал "Реал Мадрид", "Манчестер Юнайтед", "Лос Анжелес Гэлакси" жана "Пари Сен Жермен" клубдарында ойногон. Бэкхем Англия улуттук командасынын курамында 115 ирет ар кандай мелдештерге катышып, рекорд койгон. (RK/AA)

XS
SM
MD
LG