Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:33

Сочиде кыргызстандык согуш ардагери тууралуу маалымат чыкты


Орусиянын Сочи шаарында Улуу Ата Мекендик согуш учурунда курман болгон кыргызстандык Сары Маматалиев жөнүндө маалымат такталууда. Бул тууралуу "Азаттыкка" "Эл аралык толеранттуулук үчүн" коомдук фондунун Оштогу жетекчиси Асел Жуматаева кабарлады.Сочи шаарынын тургуну, өзүн Владислав деп тааныштырган жаран алар менен интернет аркылуу байланышып, ардагердин жакындарын табууга көмөк сураган. Анын айтымында, Сары Маматалиев 1942-жылдын 2-майында Оштун Гүлчө айылынан аскерге чакыртылган. 389-аткычтар дивизиясында пулемётчу болуп кызмат өтөп, каармандык менен курман болгон. (SE/RK)

XS
SM
MD
LG