Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:52

Аба ырайы: Суук сакталат


Синоптиктердин берген маалыматы боюнча 11-февралда кээ бир тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метр.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -15.. -20, күндүзү -5.. -10 градус суук болот. Таласта түнкүсүн -19..-24, күндүзү -5..-10 градуска түшөт. Баткен, Жалал-Абат, Ош облустарында түнкүүн -9..-14, күндүзү -3..-8 градус төмөн болот. Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -8..-13, күндүзү -3..-8 градус болот. Айрым тоолуу аймактарында түнкүсүн -11..-16 градуска чейин төмөндөйт. Нарында түнкүсүн -25..-30, күндүзү -14..-19 градус суук болот.
11-февралда Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -15…-17 градус суук, күндүзгү жогорку температурасы -6…-8 градус суук болот.

XS
SM
MD
LG