Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:21

Кыргызстанда үй-бүлө кургандар азайып, ажырашкандар көбөйдү


Мамлекеттик каттоо кызматынын калкты жана жарандык абал актыларын каттоо Департаментинин маалыматы боюнча өткөн жылы 53 950 жуп баш кошуп, расмий катталган. Бул мурунку жылга салыштырмалуу азыраак. Ал эми ажырашкандардын саны мурдагы жылга караганда көбүрөөк, 2013-жылы 9 миңден ашуун жуп ажырашкан.
Маалыматка ылайык, ошондой эле өткөн жылы наристелер көп төрөлгөн, бир жылда 156 719 бала жарык дүйнөгө келген. Ал эми бул дүйнө менен 34 798 киши кош айтышкан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG