Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:47

Сочи: Германиянын спортчулары биринчи орунда


Бүгүн Кышкы олимпиадада спорттун беш түрүнүн жеңүүчүлөрү белгилүү болот. Эркектер арасында көркөм муз тебүүнүн эркин программасында орусиялыктар алтын медал жеңебиз деген үмүттө.

Орусиялык фигурист Евгений Плюшенко кечээ белин кокустатып алып, мелдешке катышкандан баш тартты. Чехиялык хоккейчилер латвиялыктарды 4:2 эсебинде утту. Бүгүнгө карай Германиянын спортсмендери жети алтын, эки күмүш, бир коло медал жеңип, башка өлкөлөрдөн алдыда баратат.

Эл аралык Олимпиада комитетинин Олимпиада оюндары боюнча аткаруучу директору Жилберт Фелли бүгүн (14-февраль) Сочидеги маалымат жыйынында сүйлөп, мелдештер ырааттуу жүрүп жатканына кубанычын билдирди:

- Бизди Олимпиада оюндарынын башталышы кубандырат. Себеби, Эл аралык Олимпиада комитети тынчсызданып жаткан. Бул биздин өнөктөштөрүбүз, эл аралык федерация, улуттук Олимпиада комитеттери, атлеттер менен болгон талкууну чагылдырат. Сиздер да, медиа да кубанууда деп ишенем.

XS
SM
MD
LG