Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:56

Cочиде Германия, Швейцария, Норвегия алдыда


Сочидеги Олимпиадада Беларус биатлонисти Дария Домрачева 15 чакырымга индивидуалдык жарышта алтын медал утту. Швейцариялык Селина Гаспарин күмүш, беларус Надежда Скардино коло медал утушту. Дария Домрачева 11-февралда биатлонисттердин 10 чакырымга жарышында да биринчи келип, алтын медал жеңген эле.

Швейцариялык Сандро Вилетта айым тоодон ылдый ылдам түшүү жана слалом боюнча кош мелдеште алдын медалды жеңип алды. Швейцарияга башка алтын медалды 15 километрге жеке жарышта Дарио Колонья утуп берди. Күмүш медалды хорватиялык Ивица Костелич, коло медалды италиялык Кристоф Иннерхофер утту. 2010-жылы Ванкуверде өткөн кышкы Олимпиаданын чемпиону, америкалык Воде Миллер тоодон ылдый түшүүдө жаңылыштык кетирип, мөөрөйгө алтынчы болуп келди.

Жалпы командаларды эсептегенде, Германия жети алтын, эки күмүш, бир коло медал жеңип, алдыда баратат. Экинчи орундагы Швейцарияда 5 алтын, 2 күмүш, 2 коло медал, үчүнчү орунда Канаданын спортчулары баратат. Алар 4 алтын, 4 күмүш жана 2 коло медал утту.

Швециянын хоккейчилери швейцариялыктарды 1:0 эсебинде, Чехиянын командасы Латвиянын хоккей командасын 4:2 эсебинде жеңди.

XS
SM
MD
LG