Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:26

Каза болгон эки мигранттын сөөгү алып келинди


Орусиянын Ленинград облусунда табылган эки кыргызстандык жарандын сөөгү Санкт-Петербургдан учак менен Ошко алып келинди. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, 33 жана 28 жаштагы Ош облусунун тургундары өткөн жылдын октябрь айынан бери изделип жаткан болчу. Алардын сөөгү өздөрү жашаган үйдүн жанында тартип коргоо кызматкерлери тарабынан 7-февралда табылды. Бул боюнча кылмыш иш ачылып, иликтөө иштери жүрүп жатат. (BkA/ZB)

XS
SM
MD
LG