Лейлек районунун Тажикстан менен чектешкен Жаңы-Жер айылында эки килограмм героин ташып бараткандар кармалды. Бул тууралуу Баткен милициясынын маалымат катчысы Дамира Юсупова “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, учурда бул кылмышка шектелип кармалган Лейлек районун төрт тургунунун үстүнөн териштирүү жүрүп жатат. (JsA)