Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:54

ТИМ Жириновскийдин билдирүүсү боюнча нота жөнөттү


ЛДПР лидери Владимир Жириновский. 13.12.2012.
ЛДПР лидери Владимир Жириновский. 13.12.2012.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын Либерал-демократтар партиясынын лидери, Мамлекеттик Думанын вице-спикери Владимир Жириновскийдин Борбор Азия өлкөлөрү боюнча айтканына байланыштуу орус Тышкы иштер министрлигине нота жиберди. Бул тууралуу кыргыз ТИМден кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, "Жириновскийдин Борбор Азия өлкөлөрү жана 1916-жылдагы окуялар боюнча айтканы эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөш мамилесине көлөкө түшүрөт жана нааразылык жаратат". Ошондуктан министрлик Орусия тарапты Жириновскийдин билдирүүсүнө баа берүүгө чакырды.

23-февралда Владимир Жириновский Украинадагы окуяга байланыштуу сүйлөп жатып, Борбор Азиядагы көз каранды эмес өлкөлөрдүн макамы боюнча пикирин айткан. Орусия "бир гана Украинаны эмес, Борбор Азиядагы башка өлкөлөрдү да тизгиндеп катуу кармашы керек" деген оюн билдирген. Ал Борбор Азияны Орусияга федерация аймагы катары кошуп, борбор калаасы Верный (учурдагы Алматы шаары) болушу керектигин айткан болчу. Ошондой эле кыргыздардын 1916-жылдагы улуттук боштондук үчүн күрөшүн "орус империясына карата чыккынчылык" деп атаган.

Былтыр Кыргызстан парламенти Жириновскийди персона нон-грата деп жарыялаган. (BkA)

XS
SM
MD
LG