Кыргызстандын вице-премьер-министри Токон Мамытовдун “Азаттыкка” билдирүүсүнө караганда, 4-мартта Душанбе шаарында кыргыз-тажик сүйлөшүүсү уланат. 3-мартта башталган сүйлөшүүдө кандай маселелер талкууланганы тууралуу Мамытов буларды айтты:
- Чек арадагы коопсуздук, тартип маселелер, негизи кыргыз-тажик элинин, чек арада жашаган элдердин коопсуздугун кантип камсыз кылабыз дегендин тегерегинде талкуу болуп жатат.
Мамытовдун айтымында, эки тарап тең чек арадагы калктын коопсуздугун камсыз кылуу зарыл деген жыйынтыкка келишүүдө. 4-мартта сүйлөшүүлөр уланат. Тажик тарап чек ара бекеттерин ачып, автомобилдердин каттоосуна уруксат берүүнү сурап жатат. "Бирок ал маселе биз тараптан кабыл алына элек", - деп белгиледи Мамытов. (AiT)