Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:18

Саруу айылында кезектеги жыйын болот


Ысык-Көлдүн Саруу айылынын тургундары бүгүн кезектеги жыйынга чогулат. Алар мурдагы талаптарын дагы бир ирет бийликке эскертмекчи. Бул тууралуу “Азаттыкка” айыл активисти Замир Меңдибаев билдирди. Анын айтымында, жыйын учурунда эч кандай мыйзамсыз аракеттер болбойт.

Ысык-Көл облустук Ички иштер башкармалыгына Саруудагы жыйын тууралуу кабар берилген. Облустук милициядан кабарлашкандай, жыйын тартип кызматкерлеринин көзөмөлүндө болот.

Саруу айылынын тургундарынын нааразылык акциялары өткөн жылдан бери кез-кези менен уланат. Алар Кумтөр алтын кенин улутташтыруу талабын коюп келишет. (MK)

XS
SM
MD
LG