Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:07

"Талибан" президенттик шайлоого тоскоолдук кылаарын эскертти


Бүгүн маалымат агенттиктерине электрондук кат аркылуу талиптерден келген билдирүүдө “биз бул шайлоону өткөрбөш үчүн колдон келген бүт күчүбүздү, куралыбызды колдонушубузга буйрук алдык” делет. Алардын расмий өкүлү Забиулла Мужахид айтканына караганда, азыр бардык динаятчыларга өлкө боюнча “бул шайлоо Американын кутуму” деген кепти кеңири таратууга буйрук берилип жаткан чак.

Билдирүүдө талиптер шайлоого иштей турган “кызматкерлерге, активисттерге, коопсуздук күчтөрүнө жана имараттарга” чабуул коюшаары айтылган. Мунун баары “оогандар шайлоого катышпашы” үчүн жасалып жатканы белгиленген.

2009-жылы болгон буга чейинки шайлоодогу чабуулдарда 31 жайкын тургун, 26 аскер жана полисмен набыт болгон. 5-апрелдеги шайлоодо азыркы президент Хамид Карзай ат салышпайт.

XS
SM
MD
LG