Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:31

Эркин экономикалык аймакка байланыштуу кылмыш иш козголду


Башкы прокуратура Бишкек эркин экономикалык аймагынын кызматкерлерине карата кылмыш иш козгоду. Бул тууралуу аталган органдын маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, «Р.I.C. СО” аттуу чет өлкөлүк компания эркин экономикалык аймакта иш жүргүзөт деп, мыйзамда көрсөтүлгөн жеңилдиктерди алып жүргөн. Бирок иш жүзүндө аталган компания эркин аймакта иш алып барбагандыктан мамлекетке 3,6 миллион сомдон ашык салык төлөнгөн эмес деп шектелүүдө. Кылмыш иш “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча козголду. Учурда тергөө жүрүп жатат. (BkA)

XS
SM
MD
LG