Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:30

Малайзия бийлиги жоголгон учакты издөөгө 25 өлкө тартылганын кабарлады


Малайзиянын бийликтери бүгүн Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Пакистан, Индия, Франция, Кытай жана АКШ кирген 25 өлкөдөн издөө иштерине жардам берүүнү суранып жатышканын айтышты. Бирок Кыргызстандын Аэронавигация мамлекеттик ишканасы, Тышкы иштер министрлиги жана Транспорт министрлигинин өкүлдөрү бүгүн “Азаттыкка” сүйлөп, Малайзиянын бийликтеринен аларга жардам сурап эч ким кайрылбаганын билдиришти.

Малайзиянын полициясы учактагы 239 жүргүнчү менен экипаждын өкүлдөрү жөнүндө толук маалымат иликтенип жатканын кошумчалап, самолетту башкарган эки пилоттун үйлөрүндө тинтүү иштери болгонун кабарлашты. Кечээ болсо Малайзиянын премьер-министри Нажиб Разак спутниктен алынган маалыматка таянып, учактын байланыш системасы толук өчүрүлгөндөн кийин ал дагы жети саат асманда болгонун кабарлаган. Муну менен премьер “учактын байланыш системасын кимдир бирөө атайылап өчүргөн” деген божомолун билдирген болчу.

XS
SM
MD
LG