Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:22

Түркияда башкаруучу АК партиянын видеотасмасына тыюу салынды


Түркияда премьер-министр Режеп Тайып Эрдоган башындагы Адилеттик жана өнүгүү партиясынын шайлоого байланыштуу видеотасмасын көрсөтүүгө тыюу салынды. Жогорку шайлоо кеңешинин түшүндүрүшүнчө, 1 мүнөттүк видеотасмада Түркиянын туусун жана намаз окуган адамды көрсөтүү 30-мартта болчу муниципалдык шайлоо өнөктүгү боюнча жобону бузат. Мыйзам улуттук тууну жана диний символдорду шайлоо өнөктүгүндө пайдаланууга тыюу салат.

Эрдоган Жогорку шайлоо кеңешинин чечимин угуп: “Биз (ЖШКнын) тыюу салуусун жокко чыгарабыз” деп айтканын маалымат булактары кабарлады. Акыркы мезгилде Эрдоган жетектеген өкмөт мүчөлөрү коррупцияга аралашкан деп айыпталууда. Премьер болсо коррупциялык чатакты Түркиянын саясый жана сот системасында таасири күчтүү АКШда жашаган таанымал диниятчы Фетхулла Гүлендин кутуму деп баалоодо.
Гүлен АК партиянын ичиндеги коррупцияны иликтөөгө эч кандай тиешеси жок экенин билдирген.

XS
SM
MD
LG