Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:25

Кыргызстан Уганда менен байланыш түздү


Кыргызстан Уганда менен дипломатиялык байланыш түздү. Тышкы иштер министрлигинен кабарлашкандай, 19-мартта Нью-Йоркто эки өлкөнүн БУУдагы туруктуу өкүлдөрү биргелешкен коммюникеге кол койду. Анда дипломатиялык кызматташтык ушул күндөн тарта башталаары айтылган.

Уганда Чыгыш Африкадагы 35 миллиондон ашуун калкы бар демократиялык республика.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстандын 120га жакын өлкө менен дипломатиялык мамилеси жана 70тен ашуун эл аралык уюм менен расмий байланышы бар. 30 өлкөдө өкүлчүлүгү жана 9 өлкөдө консулдук мекемеси иштейт. (RK)

XS
SM
MD
LG