Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:19

Акыйкатчы: Жарандардын коопсуздугу камсыздалбай жатат


Кыргызстан коомдук жана үй-бүлөлүк жашоо коопсуздугун, зомбулукту алдын алууну камсыз кыла албай жатат. Бул тууралуу бүгүн акыйкатчы Бакыт Аманбаев парламенттеги тармактык комитетте үй-бүлөлүк зомбулук боюнча атайын баяндама жасап жатып билдирди.

Акыйкатчынын айтымында, үй-бүлө чатагынан жабыркагандар милицияга кайрылганы менен иш аягына чыкпайт. Себеби көпчүлүк учурда арызданган тарап доосунан баш тартып, кайра элдешкенин айтканда кылмыш иш козголбойт. Даттануулардын 20% боюнча гана иш козголуп, алардын 3 гана пайызы сотко өтөт.

Былтыр үй-бүлө зомбулугунан каза тапкандардын саты 11 болгон. (RK)

XS
SM
MD
LG