Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:18

Бишкекте жалпы элдик ишембилик өтүүдө


Бишкектин вице-мэри Олег Попиков “Азаттыкка” билдиргендей, ишембиликке 11 миңден ашык шаар тургуну катышып жатат. Алар аймак-аймакка бөлүнүп, шаар көчөлөрүн, сейил бактарды тазалап, көчөттөрдү отургузушууда.

Попиков кошумчалагандай, ишембиликке чыккандардын көпчүлүгү мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери. Шаар тургундары ишембиликке анча көп катышпай жатат. Бирок мындай ишембиликтер апрелдин аягына чейин өткөрүлөт. Ошондуктан шаар бийлиги Бишкектин тазалыгына кайдыгер эмес бардык тургундарды мындан соңку ишембиликке чыгууга чакырууда. (BkA)

XS
SM
MD
LG