Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:28

АКШ Молдованын чек арасын бекемдөөгө 10 миллион доллар ажыратат


Виктория Нуланд жана Наталья Герман. Кишинев, 30-март, 2014-жыл.
Виктория Нуланд жана Наталья Герман. Кишинев, 30-март, 2014-жыл.
Бул тууралуу бүгүн Кишиневдон Мамлекеттик катчынын Евразия жана Европа иштери боюнча жардамчысы Виктория Нуланд билдирди.

-Молдованын чек ара коопсуздугун камсыздоо аракеттерин колдоо үчүн Кошмо Штаттар кошумча 10 миллион доллар ажыратат. Бул акча биз чек арада коопсуздукту камсыздоо үчүн биз бир нече жылдан бери берип келген каражатка кошумча болот.

Виктория Нуланд бүгүн Кишиневдо президент Николай Тимофти, премьер-министр Юрий Лянке жана тышкы иштер министри Наталья Герман менен жолугушту.

АКШ - Молдова сүйлөшүүлөрү Крымдын аннексиясынан кийинки кооптонуулардын шартында өттү.

НАТОнун Еворопадагы күчтөрүнүн колбашчысы Филип Бридлав өткөн аптада Орусия эми Приднестровьени окуппациялап алуусу ыктымалдуулугун эскерткен, мындай кооптонуулары бардыгын молдован бийликтери да жашырган эмес.

Мунун алдында Приднестровьенин парламент башчысы Орусияга кошуп алууну тездетүүнү өтүнүп, Москвага кат жолдогон.

Орус тилдүүлөр басымдуулук кылган Приднестровье Молдовадан көз карандысыздыгын 1990-жылы жарыялаган. 92-жылы эки тарап кыска согушка барып, ал Орусиянын аскерий интервенциясы менен аяктаган эле. Орусиянын Приднестровьеде азыр да 1400дөй аскери турат.

Орусия колдогон бул жикчил чөлкөм Молдова менен Украинанын ортосунда жайгашкан. ( UE)

XS
SM
MD
LG