Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:51

Эл аралык сот Жапониянын киттерге аңчылык кылуусуна тыюу салды


БУУнун Гаагадагы Эл аралык соту Жапониянын киттер илимий максатта кармалат деген жүйөөсүн четке кагып, Түштүк уюлда (Антарктика) киттерге аңчылык кылуусуна тыюу салды. Соттун чечиминде киттер боюнча жүргүзүлгөн илимий изилдөөнүн жыйынтыгын аларга келтирилген зыян менен салыштырып болбосу жана болочокто киттерди илимий максатта кармоого лиценция берилбеси айтылат.

Жапония 1986-жылы киттерди кармоого мараторий жарыялаган келишимге кол койгон. Ага карабай, 1946-жылкы келишимге шилтеп, Антарктикада жылына чоңдугу 10 метрге чейинки киттерден 850 башка жакынын кармайт.

XS
SM
MD
LG