Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:56

Жогорку Кеңеш өкмөттүн курамын бүгүн карайт


Курамына “Ата Мекен”, “Ар-намыс” жана КСДП фракциялары кирген “Мамлекеттүүлүктү бекемдөө үчүн” коалициясы өкмөттү бекитүүнү бүгүн Жогорку Кеңешке алып чыгат. Коалиция өзү кечээ күнү өкмөттүн курамын, структурасын жана программасын жактырган. Өкмөт башчылыкка Жоомарт Оторбаев, анын биринчи орун басарлыгына Тайырбек Сарпашев, вице-премьер-министрлик кызматка Валерий Диль, Элвира Сариева, Абдырахман Маматалиев сунушталды. Министрлер ичинен Маданият, маалымат жана туризм министрлигине Камила Талиева, Коргоо министрлигине Абибилла Кудайбердиев жаңыдан сунушталды. Калган министрлер ордунда калды. (AiT)

XS
SM
MD
LG