Азербайжандын Армения контролдогон бөлүгүндөгү чек арада минага кабылып эки аскер өлдү. Алты жоокер жараат алды. Кырсык 7-апрелде Армения контролдогон Жабраил районуна чектеш аймакта болгонун Азербайжандын Коргоо министрлиги маалымдады. Бир нече күн мурда Армения тараптан снайпер аткан октон Азербайжан офицери жана жергиликтүү тургун жарадар болгон.
Мартта Гаагада өткөн кездешүүдө Азербайжан лидери Илхам Алиев жана Армения президенти Серж Саргсян тынчтык сүйлөшүүсү улантылат деп убада кылышкан. Эки мамлекет армян калктуу Тоолуу Карабах региону 1990-жылдардын башында өзүн Бакыдан күнкорсуз деп жарыялаганда чыккан согуштан бери араздашып келет. Чатакты эл аралык арачылардын жардамы менен жөндөө аракетинен майнап чыкпай жүрөт.