Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:26

Сирия: Хомс шаарындагы жардыруудан 25 киши мерт кетти


Жардыруулар Хомс шаарынын Карм эл-Лоз районунун калк жыш жайгашкан көчөсүндө болду. 9.4.14.
Жардыруулар Хомс шаарынын Карм эл-Лоз районунун калк жыш жайгашкан көчөсүндө болду. 9.4.14.
Сириянын мамлекеттик SANA маалымат агенттиги кабарлагандай, 9-апрель күнү Хомс шаарынын борбордук бөлүгүндө эки машина жарылып 25 адам каза тапты. Жүздөн ашуун киши жаракат алды. Жардыруулар Карм эл-Лоз районунун калк жыш жайгашкан көчөсүндө болду. Биринчи машина шириндик чыгарган ишкананын жанында жарылып, арадан 30 мүнөттөй убакыт өткөн соң экинчиси жарылган.

SANA жаңылыктар агенттиги жардыруу үчүн “террорчуларды” айыптады. Өкмөттүк маалымат каражаттары “террорчу” деп сириялык козголоңчуларды атап келет.

Жардыруу болгон аймакта негизинен президент Башар ал-Асаддын алавийлер тайпасына жакын шийи жамааты жашайт. Ал эми Сирия оппозициясы жана козголоңчулары негизинен суннийлер жамаатынан турат.

XS
SM
MD
LG