Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:10

ПАСЕ Орусияны добуш берүү укугунан ажыратты


Европа кеңешинин Парламенттик ассамблеясы - ПАСЕ Орусия делегациясын добуш берүү укугунан ажыратты. Резолюция колго салынганда 145 киши сунушту колдоду, 21и каршы добуш берип, 22си калыс калды.

Орус делегациясы бүгүнкү пленардык сессиядагы талкууну бойкоттоду. Эми Москва 2014-жылдын этегине чейин добуш бере албайт. Жана ПАСЕнин бир катар органдарында, байкоочу миссияларында катышуу укугунан ажырады.

Ассамблея Орусия “кырдаалды жөнгө салууга аракет көрбөсө жана Крымдын аннексиясынан баш тартпаса”, өлкөнүн ыйгарым-укуктарын кайра карап чыгарын эскертти.

Орус делегациясынын жетекчиси Алексей Пушков чечимге нааразылык иретинде апрелдин аягына чейин сессияларга каташпасын билдирип, Москва ПАСЕдеги мындан аркы мүчөлүгү боюнча маселени караштырарын айтты.

XS
SM
MD
LG