Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:09

Лукашенко Турчиновдун легитимдүүлүгүн тааныйт


Беларус президенти Александр Лукашенко Виктор Янукович кеткенден кийин Украина президентсиз калганын айтып, Александр Турчиновду легитимдүү мамлекет башчы катары таанырын билдирди. Ошол эле маалда Лукашенко НТВ телеканалына курган маегинде Жогорку Рада тарабынан бул кызматка дайындалган Турчинов бийлик алмашуу «Конституцияга ылайык эмес» жүргүзүлгөнүн түшүнөт деп кошумчалады.

Лукашенконун пикиринде, Янукович кыйын учурда качпай, ыйгарым укуктарынан пайдаланса болмок. Лукашенко Турчиновду Беларус тараптан эч кандай кооп жок экенине ишендиргенин, орток чек арада аскерлер топтолуп жатат деген маалыматтарды төгүндөгөнүн айтты.

XS
SM
MD
LG