Бүгүн Бишкек гарнизонунун аскердик сотунда 2010-жылдагы апрель окуялары боюнча сот уланууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган соттон кабарлашты.
Соттук жараянда тараптардын жарыш сөзү уланып жатат. Алгач болуп жабырлануучулардын адвокаты Осунбек Жамансариев сөз сүйлөдү. Ал 2010-жылдын 7-апрелинде аянтка мурдагы бийликтин жүргүзгөн саясатына каршы чыккан элге ок атылганын билдирди. Учурда жараян уланып жатат.
Буга чейин мамлекеттик айыптоочулар соттолуучуларга коюлуп жаткан айыптардын деңгээлине жараша 10 жылдан 25 жылга чейин жаза мөөнөтүн сунушташкан. Мурдагы президент Курманбек Бакиев, анын иниси Жаныш Бакиев жана мурдагы өкмөт башчы Данияр Үсөновду сыртынан өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратуу сунушталган.
Ал эми атайын даярдыктагы “Альфа” бөлүгүнүн жана мурдагы Мамлекеттик күзөт кызматынын аскерлерин "адам өлтүрүү" айыбы боюнча актоо, "ишенип берилген куралды жоготуу" айыбы боюнча эки жылга кесүү суралган. Жабырлануучулар мамлекеттик айыптоонун мындай позициясына нааразы болуп өткөн жумалардагы жараяндарга катышуудан баш тарткан болчу. (BkA)