Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:28

Обама Москва Украинадагы жикчилерди колдогонуна кыжаалат


Барак Обаманы Москванын Украинадагы орусиячыл жикчилерди колдогону “аябай тынчсыздандырат.” Бул жөнүндө АКШ президенти 14-апрелде президент Путинге телефон баарлашуусу кезде айтканын Ак Үй маалымдады.

Обама Путинди өз таасирин пайдаланып жикчилерди Украинанын чыгышындагы өкмөттүк имараттардан чыгып кетүүгө көндүрүүнү да сурады. Орусия чыңалууну токтотуу үчүн Украинанын чек арасындагы аскерлерди алып кетүүсү шарт экенин да Путинге айтып, Украина өкмөтү сабырдуулугун көрсөтүп жатканын баса белгиледи. Бул тууралуу билдирген АКШ өкмөтүнүн өкүлү Жей Карни 14-апрелде Вашингтондо журналисттер менен кездешүүдө:

- Орусия Украинанын чыгышында кутумчулук аракеттерин улантууда. Аскерлери Украинанын чек арасында тургандан башка өлкөнүн ичинде жасап жаткандары абалды бейстабилдештирүүдө, - деди.

Кремлдин билдиришинче, Путин Чыгыш Украинадагы тополоңду Орусиянын агенттери уюштурууда деген ырастоолорду “жалган маалыматтарга негизделген доомат” катары четке каккан.

XS
SM
MD
LG