Шаардын Нагорный аймагындагы 7 үй-бүлө тез аранын ичинде башка аймакка көчүүсү керек. Анткени март айынын башында тоо боорунан жер кыртышы жылып, жарака пайда болгон. Мындан улам ӨКМ текшерүү жүргүзүп, ушул жылдын 16-мартында жашоого болбойт деген бүтүм чыгарган. "Ал эми ал турак жайлар Союз мезгилинде мыйзамсыз түрдө, планы жок салынгандыктан мамлекет тараптан эч кандай жардам көрсөтүлбөйт" дейт калаанын вице-мэри Турдалы Турдукулов.
Жергиликтүү бийлик тарабынан аларга көчүү тууралуу эскертүү берилген. Ал эми тургундар мамлекет жардам берсе гана конуш которорун айтууда. (RsK)
Жергиликтүү бийлик тарабынан аларга көчүү тууралуу эскертүү берилген. Ал эми тургундар мамлекет жардам берсе гана конуш которорун айтууда. (RsK)