Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:15

Кабулдагы ок атууда депутат айым жараат алды


Ооган парламентинин мүчөсү Мариам Коофи үйүнүн жанында белгисиз адамдардан ок жеди. Кабул полициясынын жетекчиси Мохаммад Захер "Азаттыкка" Коофинин бутуна ок тийгенин бышыктады. Захердин сөзү боюнча, депутаттын абалы туруктуу. Мариям Коофи бир канча кол салуудан аман калган активист жана депутат Фавзия Коофинин бир тууганы. Мунун алдында коомдук иштер министринин орун басары Ахмад Шах Вахидди Кабулда куралчандар барымтага алган эле. Бул кол салуулар үчүн эч ким өзүнө жоопкерчилик ала элек.

XS
SM
MD
LG