Бишкектеги Октябрь райондук соту бүгүн экс-мэр Иса Өмүркуловго байланыштуу ишти карайт. Башкы прокуратура Өмүркулов мэр кезинде Жеңиш сейил багынын аянтын мыйзамсыз аныктаган деп, кылмыш ишин козгогон.
Мыйзамга ылайык Жеңиш сейил багынын аянты шаардык кеңеш тарабынан бекитилиши керек. Бирок мэрия 2011-жылдагы токтом менен парктын аянтын өз алдынча бекиткен. Сейил бактын аянты 14 гектардан ашуунга азайганы аныкталган.
Жогорку Кеңештин депутаттык комиссиясы жерлер Жеңиш паркынан эле эмес, Ата-Түрк паркынан да сатылганын аныктап чыгышкан.
Башкы прокуратура Өмүркуловго Кылмыш-жаза кодексинин 305-беренеси боюнча, кызмат абалынан аша чапкан деп айып койгон. Бирок камакка алынган эмес. Экс-мэр Кыргызстандан чыгып кетпөө боюнча тил кат жазып берген. (SE\AiT)