Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:29

Акыйкатчы президентке кайрылды


Кыргызстандын акыйкатчысы Бакыт Аманбаев мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевге кайрылып, жалган маалымат тараткандарды кылмыш жообуна тартуу тууралуу мыйзамга кол койбоого чакырды. Аманбаев бул мыйзам долбоор Конституцияга каршы келээрин айтууда.

"Кылмыш жасады" деп бирөө тууралуу жалган маалымат тараткан журналистти кылмыш жообуна тартуу боюнча мыйзам долбоору 16-апрелде парламентте кабыл алынган болчу. Эми ал президенттин кол коюсуна жөнөтүлөт.

Акыйкатчы эгер президент ага кол койсо, өз укугунан пайдаланып Конституциялык палатага кайралаарын айтты. (RK)

XS
SM
MD
LG